БУУнун Баш катчысын утурлаган пикет
2
Бишкекке келген БУУнун Башкы Катчысы Пан Ги Мундун жолун утурлай 3-апрелде Кыргызстандагы кысымга кабылган маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, укук коргоочулар БУУнун Бишкектеги үйүнүн алдына пикетке чыгышты.
3
Бул жерге ошондой эле “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова, ошондой эле башка укук коргоочулар келди.
4
Алардын арасында “Азаттык” үналгысынын, "Stan Media" телекомпаниясынын, “Форум”, "Ачык саясат", "Назар", "Алиби" гезиттеринин жана башка аларга тилектеш маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бар.
5
Чогулган адамдар Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктери басмырланып, сөз эркиндиги кысымга учурап жаткандыгы жөнүндө айтып, БУУнун Башкы катчысынын көңүлүн бул өлкөдөгү кейиштүү көрүнүштөргө бурууга аракет кылышууда.
6
Саясий партиялардын лидерлери жана укук коргоочулар өлкөдөгү адам укуктары жана эркиндиктерин басмырлоо көрүнүштөрүн белгилеп, бийликти сындап сүйлөштү.
7
Акция болуп жаткан жерге Бишкектин Биринчи май районунун прокурору У. Асакеев келип, бул жерде митинг өткөрүү мыйзамсыз экендигин билдирип эскертүү берди.