Кыргызстанда шайлоо өтүп жатат (2-бөлүк)
1
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөнүн бардык аймагында 2289, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо түйүнү түзүлгөн.
2
БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 836 миң 567 киши киргизилген.
3
27-июнда өткөн референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин курамы түзүлгөндөн кийин Кыргызстан парламенттик республика болот. Президенттин укуктары азайып, парламент премьер-министрди шайлайт.
4
120 орундуу жаңы парламентке 29 партия ат салышууда. Шайлоодо жеңүү үчүн партиялар республика боюнча эң аз 5 пайыз, 7 облустан 0.5 пайыз добуш алышы керек.
5
Парламенттик шайлоону бул ирет чет өлкөлөрдүн 60тан ашуун маалымат каражаттарынан 135тен ашуун журналист чагылдырмакчы.
6
Шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөө максатында милиция 5-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
7
Бул жолу бюллетендердин узундугу 72 см. болду.
8
9
10
11
12
Шайлоо түйүндөрү бүгүн кечки саат 8де жабылат.