Бул сүрөттөгү каармандарымдын аттары оголе көп. Мисалы, кайсы гана өлкөдө болбосун чиновниктер үчүн булар - «эмгек мигранттары», «гастарбайтер», «челнок». Ал эми иштеп, жашап жаткан жеринде болсо жергиликтүү калктын ыңгайына карап, өзгөрүп турат. Маселен, орусча Гүлмира – Гуля, Асанбек – Александр, Сапарбай – Саша, Болот – Боря. Европалыктарча Рыспек – Рой, Жеңишгүл – Жулия жана дагы ушул сыяктуу болуп кете берет. «Азан чакырып коюлган атыбызды банка акча салганы барганда гана эстеп, кээде өзүбүз да таң калабыз», - дешет алар.
Биздин замандаштар
1
Базарда (Чита шаары)
2
Базарда (Чита шаары)
3
Базарда (Чита шаары)
4
Тыйын чычкан – тыйын туу (Федоровск-Сургут жолундагы адаттан тыш соода).
5
Шыбакчы (Кызыл шаары)
6
Көз ирмем (Сургут шаары)
7
Чөп чабык (Екатеринбург шаары)