Белгилүү кинорежиссер, киносценарист, Жогорку Кеңеш депутаты, Кыргыз Республикасынын эл баатыры - Дооронбек Садырбаев быйыл 75 жашка чыкмак. Көп кырдуу талант ээсинин өмүрүнүн урунттуу учурлары сүрөт баянда.
Кайран Доке, кайран талант!
1
Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган кездеги сүрөт.
2
Балдай таттуу небереси Алиаскар менен 2008-жыл.
3
Мединституттагы жалындуу студенттик кез. 60-жылдар.
4
Сүйгөн жары Сонунбүбү менен. 60-жылдар.
5
Келинчеги Сонунбүбү, уулу Зарылбек менен.
6
Тасма тартууга даярдык. 60-70-жылдар.
7
Залкар актер Советбек Жумадылов менен - артта, солдон үчүнчү. 70-80-жылдар.
8
Белгилүү жазуучу, котормочу - Ашым Жакыпбеков менен Москвада, Кызыл аянтта. 70-80-жылдар.
9
Белгилүү актер, комузчу-ырчы - коңгуроодой коңур үндүү - Орозбек Кутманалиев менен - солдо экинчи. Оңдон экинчи - Дооронбек Садырбаев. 70-80-жылдар.
10
Үй-бүлө, туугандары менен.
11
Кесиптештери. 70-80-жылдар.
12
Небереси Шерболот менен көл үстүндө. 2003-жыл.
13
Кесиптештери.
14
Жогорку Кеңеште - кеңешүү. 90-2000-жылдар.
15
Акын Салибай Шатманов менен 2000-жылдардын башында.
16
Куттуу үй-бүлө.
17
Дооронбек Садырбаев - элеси бар өзү жок.
18
"Кайран эл" жыйнагы көргөзмөдө.
19
Улуттук китепканадагы көргөзмөсү. 2014-жыл.