Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасы (U23) 2016-жылдагы Азия чемпиондугуна тандоо оюндарын жыйынтыкташты. 20-май күнү кечинде Бириккен Араб Эмирлигинин Ал-Айн шаарындагы Al Qattara стадионунда В тайпасындагы акыркы оюндар өттү.
Кыргызстан Пакистанга 3:1 эсебинде утулду
1
Бул күнү кыргыз футболчулары Пакистан курамасы менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңилип калышты.
2
3
Оюндагы алгачкы голду жарым коргоочу Авазбек Откеев 24-мүнөттө киргизип эсепти ачкан. 40-мүнөттө Пакистандын жарым коргоочусу Саддам Хусейн эсепти теңөөгө жетишти.
4
5
Экинчи таймда Пакистан чабуулчусу Мансуур Хан эки голду атаандаш дарбазасына киргизип, өз командасын алдыга чыгарды.
6
7
8
9
10