Кургак учук илдетинен жабыркаган бейтаптар Улуттук фтизиатрия борборунун санитардык абалына даттанышууда. Алардын айтымында, мекемеде жатып дарыланууга мүмкүн болбой калды. Кургак учуктан айыкмак турсун, ажатканада идиш-аяк жууп күн көрүшүүдө. Жардам сурап кайрылгандар дарыгерлердин суз мамилесине да нааразы.
Кургак учукту дарылоо борборунда абал оор
1
2
3
Улуттук фтизиатрия борборунун эскирген бөлмөлөрү Кыргызстандын булуң-бурчунан келген бейтаптарга толгон. Жылына эки жарым миң жаран кайрылат. Анын 700үнө операция жасалат.
4
5
Орун жетишпегендиктен жедеп эскилиги жеткен керебеттерде жатып дарыланышат.
6
Шарты жок бөлмөлөрдө дарылангандар сууга зар. Эки-үч айлап дарылангандар жуунганга эмес, чай кайнатканга суу таба алышпайт. Көпчүлүгү үйлөрүнөн бөтөлкөлөргө суу алып келип палаталарга тизип коюшкан.
7
8
Борборду оңдоо иштери болсо качан ишке ашат белгисиз. Дарыгерлердин айтымында, бюджеттин көлөмүнө Улуттук фтизиатрияны оңдоо мүмкүн болбогондуктан Германиянын өнүктүрүү банкына кайрылышкан.
9
Башкы дарыгер үч маал берилип жаткан тамак-аштын рациону бөлүнгөн каражатка байланыштуу экенин айтат. Жылына сарпталган 9 миллион сомго керектүү азыктар сатылып алынууда.
10
Кургак учук, СПИД жана малярия менен күрөшүү Глобалдык фонду былтыр 12 миллион сомго дары-дармек менен камсыздаган. Керектүү медициналык жардам алып жатканы менен ийнеден баштап операцияларга чейин акча төлөп жатканын айтышат айрым бейтаптар.
11