Ала-Тоо аянтында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркумдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Ал 7-сентябрда 96 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Турдакун Усубалиев менен коштошуу зыйнаты
1
Усубалиев менен коштошуу зыйнаты буга чейин Тарых музейинде болору кабарланган эле. Бирок эл көп келгенине байланыштуу ал иш-чара Ала-Тоо аянтында өттү.
2
Турдакун Усубалиевди жерге берүүнү уюштуруу иштерин премьер-министр Темир Сариев жетектеди.
3
Маркум менен коштошууга эски-жаңы мамлекеттик кызматкерлерден башка замандаштары, шаардын тургундары, жаштар жана кичи мекенинен жердештери да келген экен.
4
Ала-Тоо аянтына батпай кылкылдаган элди милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду.
5
Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча митинг-реквием президент Алмазбек Атамбаевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда өттү.
6
“Ал кишинин акыркы китеби “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деп аталат. Мына ушул сөз улуу инсандын өз элине болгон терең сүйүүсүн, ак пейлин чагылдырат. Ардактуу аксакалыбыз бүт өмүрүн мекенине, Кыргызстанга арнаган”,-деди өлкө башчысы.
7
"Кыйын учурларда Кыргызстандагы кандай гана ири имараттарды курган жок. Анын ичинде Ала-Тоо аянты, аэропорт, филармония, Илимдер академиясынын имараттары бар. Мунун баарын ал адам жети жылдын ичинде тургузуп койду", — деди Апас Жумагулов.
8
Турдакун Усубалиевдин мамлекеттик сыйлыктары.
9
10
11
12
13
14
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылы 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү 96 жашында узакка созулган оорудан каза болду.
15
Турдакун Усубулиев 1919-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында жарык дүйнөгө келген. 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп, республиканы башкарган.