Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымдоосуна караганда, 17-ноябрда түнкү саат 23:29 Кыргызстанда жер титиреди. (Сүрөттөр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматыныкы)
Жер титирөөдө айрым үйлөрдө жарака кетти
1
Зилзаланын очогу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ийрек айылынан он чакырым батышта орун алып, ал жердеги зилзаланын күчү 5-6 баллга жеткен.
2
Ош шаарында 4,5 баллга жеткени сезилген.
3
17-ноябрда түндө жер титирөө экинчи жолу кайталанды.
4
Анын очогу да Кара-Суу районунда орун алып, күчү 4-4,5 баллга жеткен.
5
Жер-жерлерде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат.
6
Бишкекте жер титирөөнүн күчү 3-3,5 баллга жеткени маалымдалды.
7
8
9