17-18-ноябрь күнкү жер титирөөдө жараксыз абалга келген үй ээлеринин чыгымдары атайын комиссиянын негизинде саналып, келтирилген зыянга жараша өкмөттөн каражат бөлүнөт. Cүрөттө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн Чайчы айылы.
Жер титирөөдө жабыркагандарга жардам берилет
1
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги убактылуу жашап туруу үчүн тургундарга жылытылган чатырларды берди.
2
Жакын арада контейнер - үйлөр алынып келинери айтылды.
3
17-ноябрда кечинде жер силкинип, Кара-Суу районунда анын күчү 7 баллга жеткен.
4
Алай, Чоң-Алайда 5 баллдан ашып, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Өзгөн районунда 4,5 балл болгон.
5
Киши өмүрүнө зыян келген эмес. Силкинүү 18-ноябрда да кайталанган. Андан 152 үйгө жарака кетип, он турак-жай такыр эле жараксыз абалга келген. Учурда калк арасында психологдор түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө