Баткен облусу боюнча 10 миң гектардай өрүк бактар бар. Аба ырайы жакшы келген жалдары багбандар өрүктөн 8 -10 миллиард сомго чейин киреше алса болот. Өрүкзарлуу Баткенге быйыл жаз өз маалынан эрте келди.
Баткен быйыл башкача...
1
Акыркы жылдары өрүктүн химикатсыз, биоорганикалык негизде кургатылганы баалуу болуп, чет өлкөлүктөр да кызыга баштады.
2
Баткенде жалпысынан өрүктүн жыйырмадай түрү өсөт.
3
Айрыкча өрүктүн жергиликтүүлөр "кандек" деп атаган түрү баалуу.
4
Өткөн жылы өрүк гүл ачкан мезгилде үшүк жүрүп, түшүм дээрлик 70 пайызга чейин аз болгон.
5
Быйыл өрүк 20 күнгө эрте гүлдөдү.
6
Өрүк март айынын жарымынан кийин гүл ачып, үч айда мөмөсү бышат.
7
8
9
Адистер өрүктүн табигый негизде кургатылганы жүрөккө, кан тамырларга пайдалуу экенин айтышып, күнүнө үч-төрт даанадан өрүк кагын жеп туруу сунушташат.
10
11
12
13
14
15