Ал ошондой эле оппозицияны "өз кызыкчылыгы үчүн чуркаган бузукулар" деп атады. Өлкө башчысы аймактын активдери менен жабык эшик артында сүйлөшкөнү да маалым болду. Президенттин 16-марттагы түштүк аймакка сапары 24-мартта Ошто өтө турган оппозиция курултайынын алдына туш келди.
Атамбаевдин Ошко сапары
Оштогу иш сапарынын алкагында президент Алмазбек Атамбаев калкты саясий акцияларга кошулбоого чакырды.
1
2
3
Алдын ала чакырылган жүзгө жакын шаар тургундары менен президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарына курулган жаңы суу кампасынын ачылышында кезикти.
4
Атамбаев ошондой эле мындан 14 жыл мурдагы Аксы окуясын да эске салып ал бардык төңкөрүштөрдүн башталышы болгонун белгиледи.
5
6
Президент Атамбаев буга катар Жалал-Абадда жана башка аймактарда митинг өткөрүп жаткан оппозиция өкүлдөрүн сынга алып, калкты алардан оолак жүрүүгө үндөдү.
7
8
9
10
11
12