"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, иш-чарага журналисттер киргизилген жок.
Кыргызстан апрель окуяларынын курмандыктарын эскерди
Апрель ыңкылабынын 11 жылдыгына карата бүгүн, 7-апрелде Бишкектин четиндеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде президент Садыр Жапаров катышкан эскерүү иш-чарасы жабык өттү.
1
2
Президент Садыр Жапаров баштаган топ апрель окуяларынын курмандыктарын эскерүү үчүн "Ата-Бейитке" барды.
3
Иш-чарага экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева да катышты.
4
Кыргызстанда 2010-жылы 90дой адамдын өмүрүн алган Апрель окуясынын 11 жылдыгы белгиленүүдө.
5
6
2010-жылдын 7-апрелиндеги толкундоодон улам ошол учурдагы президент Курманбек Бакиев Беларуска качууга аргасыз болгон.
7
Бакиев качкандан кийин ошол учурдагы бир топ оппозициялык саясатчылар Убактылуу өкмөттү түзүшкөн.
8
Октябрь окуясынан кийин келген бийлик 2010-жылы болгон айрым окуяларды кайра иликтөөнү көздөөдө.
9
10
Апрель окуяларында каза болгондордун эстелиги.
11
12
13
Президент Садыр Жапаров, экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева.
14
15
16