Ош шаарына 12-июлда мамлекет сатып алган Кытайдын Sinopharm вакцинасы келип, эмдөө пункттарына таратылды. "Азаттыктын" кабарчысы Ош шаарындагы кошумча ачылган эмдөө пунктарынын бир нечесине барып, вакцина алып жаткандар аз экенине күбө болду.
COVID-19: Ош шаарындагы эмдөө
1
Ош, вакцина сакталган муздаткыч.
2
12-июлда коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы менен Ош облусуна 85 миң, Ош шаарына 50 миң доза жеткирилди.
3
4
Жалпысынан облуска 175 миң, шаарга 110 миң доза бөлүнгөн.
5
11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келген.
6
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кытайдан июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза вакцина келерин кабарлады.
7
8
Ош шаардык мэриясы калкты тез арада эмдөө үчүн базарларда, ири дүкөндөрдө кошумча атайын эмдөөчү жайлар ачыларын кабарлаган.
9
10
Оштогу чоң базарлардын бири "Келечекте" дарыгерлер каалагандарды эмдеп жатат.
11
12
Соодагерлер базардага радио кулактандыруудан уккандарын айтышканы менен түшкө чейин болгону алты киши эмдөөдөн өткөн.
13
14
29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөөдөн өлкө боюнча 130 миңден ашык киши өттү.
15
16