Көк бөрү боюнча Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеште Жогорку лигада Таластын “Ынтымак” командасы жеңүүчү болду. Финалдык беттеште "Ынтымак" командасы Оштун “Достук” командасы менен күч сынашып, 3:2 эсебинде жеңди. 21-марттагы оюндар жамгырлуу аба ырайына туш келди жана тынч өттү. Ушуну менен Таластан чыккан команда тогузунчу жолу (2007-жыл, 2014-жыл, 2017-жыл, 2018-жыл, 2019-жыл, 2021-жыл, 2022-жыл, 2023-жыл) аталган мелдеште утту. Бул лигада 3-орунду“Сары-Өзөн” командасы ээледи. Чүйдүн командасы коло байге үчүн беттеште "Мурас" командасын 7:1 эсеби менен жеңди.
Көк бөрү: "Ынтымактын" жеңиши, жаанга карабай оюнду сүрөгөн күйөрмандар
1
Таластын "Ынтымак" командасы (көгүш формада) алты жолу катары менен Ноорузга арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалына чыкты. Аталган мелдешти "Ынтымак" тогузунчу жолу утуп жатат.
2
Нооруз-2024 республикалык мелдешинин тайпалык жана жарым финалдык оюндары "Ак кула" ат майданында, финалык беттештери курулушу жаңы башталган ат майданда өттү.
3
Жаанга жана ылайга карабай көк бөрүнү сүрөгөн күйөрмандар. .
4
"Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулунун оюн учурунда аттан кулап түшүп, кайра туруп оюнду улантты.
5
Жаңы ат майдан Сокулук районунун аймагында - Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот.
6
Финалдык беттеш алдында президент Садыр Жапаров ат майдандын курулушуна капсула салды.
7
8
"Оюн аябай оор болду. Өткөндө тайпалык оюнда утулган элек. Бүгүн утуп алдык. Эң башкысы финалдык беттеште эч ким жараат албады. Балдар аман, аттарыбыз аман", - деди "Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу.
9
"Ынтымак" командасынын оюнчусу жеңишине сүйүнүп жатат.
10
13-мартта башталган көк бөрү боюнча Нооруз-2024 республикалык мелдешине 39 команда катышты. Алар төрт лигага бөлүнүп ойноду. Жогорку лига - 6 команда, Биринчи лига - 11 команда, Экинчи лига - 16 команда жана Легендалар лигаcында 6 команда.
11
Жогорку лигада 3-орунду“Сары-Өзөн” командасы ээледи. Чүйдүн командасы коло байге үчүн беттеште "Мурас" командасын 7:1 эсеби менен жеңди.
12
Биринчи лигада "Намыс" командасы "Кара-Кулжа" командасын 3:0 эсеби менен утуп, чемпион болсо, Экинчи лигада Баткендин "Ак-Илбирс" командасы жеңүүчү болду. Легендалар лигасын "Сары-Өзөн" командасы утту.
13
14
15
16
"Достук" командасынын оюнчусу Манас Ниязов финалдык беттештен кийин.