Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

АКШ Венесуэлага басымын күчөтүүдө. Москва Мадурого жардам береби?


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Венесуэланын президенти Николас Мадуро. Архив сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Венесуэланын президенти Николас Мадуро. Архив сүрөт.

Баары кайталанып жаткандай

2019-жылы Венесуэланын президенти Николас Мадурону бийликтен кетирүүгө аракет кылган оппозиция лидерин Америка колдогон. Орусия буга каршы чыгып, Латын Америкасындагы эң маанилүү өнөктөшү саналган Мадуронун өкмөтүнө дипломатиялык жана аскердик жардам көрсөтүп турган.

Ал кезде оппозиция лидери Хуан Гуайдонун бийликке келүү аракети ишке ашкан эмес. Ал эми Мадуро ошол окуялардан кийин, тескерисинче, бийлигин бекемдеген.

Мунун баары Москва үчүн оңдой берди болсо, Мадурону мыйзамсыз президент деп эсептеген Кошмо Штаттар үчүн катуу сокку болгон. Ошол учурда Американын башында турган Дональд Трамп 2019-жылдын январында Хуан Гуайдону Венесуэланын убактылуу президенти катары тааныган.

Бүгүн жагдай таптакыр башка болгону менен, АКШ кайрадан Мадурого басым жасоону улантууда.

Кошмо Штаттар Карибге USS Gerald R. Ford деген эң ири аскердик кемелердин бирин жөнөттү жана баңгизат ташыйт делген кемелерге каршы ондогон соккуларды урду.

Американын расмий өкүлдөрү 2020-жылдагы Мадурого карата козголгон маңзат аткезчилиги боюнча айыптоолорду кайрадан эскертип башташты. Алтургай мамлекеттик катчы Марко Рубио аны “АКШнын адилет системасынан качып жүргөн кылмышкер” деп атады.

Август айында Вашингтон Мадурону кармоого жардам берген маалымат үчүн сыйлыктын көлөмүн эки эсе көбөйтүп, 50 миллион долларга жеткирди.

2-ноябрда CBS телеканалына чыккан маегинде Дональд Трамп АКШ Венесуэла менен согушууга барат деген кооптонууларды азайтууга аракет кылды.

"Мадуронун күндөрү (бийликтеги) саналуубу?” деген суроого ал: “Ооба, мен ошондой ойлойм”, - деген жооп кайтарды.

Мадуро (биринчи катарда, солдон үчүнчү) 2015-жылы 9-майда Жеңиш күнүнө арналган салтанатта. Москва.
Мадуро (биринчи катарда, солдон үчүнчү) 2015-жылы 9-майда Жеңиш күнүнө арналган салтанатта. Москва.

Маалыматтарга караганда, Мадуро кайрадан колдоо күтүп, Орусияга кайрылууда. Анткен менен, талдоочулардын айтымында, эгер Вашингтон аны бийликтен кулатууга олуттуу аракет көрсө, Москванын муну токтотуу үчүн колдончу таасир каражаттары чектелүү.

"Ачык айтканда, АКШ Мадурону бийликтен түшүрүүнү чечсе, Орусиянын муну токтотууга реалдуу мүмкүнчүлүгү жок. Москва дипломатиялык аракеттерден башка эч нерсе кыла албайт", - дейт Орусия боюнча адис, жазуучу жана Лондон университеттик коллежинин Славян жана Чыгыш Европа изилдөөлөрү мектебинин ардактуу профессору Марк Галеотти.

Колдоо издеп жатабы?

The Washington Post басылмасында 31-октябрда жарык көргөн маалыматтарга ылайык, Николас Мадуро орус президенти Владимир Путинге кат жазган. Анда ал Москвадан Венесуэланын аба коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоону өтүнгөн.

Белгилүү болгондой, бул катты Путинге жеткирүү тапшырмасы Венесуэланын транспорт министрине жүктөлгөн. Ал министр октябрдын ортосунда Москвага барганы ырасталган. Ошондой эле макалада Мадуро Кытай менен Ирандан да колдоо издеп жатканы белгиленет.

Кат Кремлге жеткен-жетпегени, Путиндин колуна тийген-тийбегени белгисиз. Орусиянын да, Венесуэланын да расмий өкүлдөрү бул маалыматка комментарий беришкен жок.

Ошентсе да октябрдын аягында FlightData24 сайтынын маалыматы боюнча, орусиялык Ил-76 жүк ташуучу учагы Каракаска конгон. Ал эмне алып барганы белгисиз.

"Жооп берүүгө даярбыз"

1-ноябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Москва “баңгизатка каршы операцияларда ашыкча аскердик күч колдонууга каршы экенин” айтып, “Венесуэла жетекчилигинин улуттук эгемендигин коргоодогу аракеттерине бекем колдоо көрсөтөрүн” белгиледи.

Андан эки күн мурда Захарова Орусия “өнөктөштөрү менен байланышта болуп, азыркы жана келечектеги мүмкүн болгон коркунучтарды эске алуу менен алардын өтүнүчтөрүнө ылайыктуу жооп берүүгө даяр” экенин билдирген.

Ал эми 27-октябрда орус мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, Орусия–Венесуэла стратегиялык өнөктөштүк келишими президент Путин кол койгондон кийин күчүнө кирди. Бул келишим быйыл май айында Мадуро Москвага барган маалда талкууланган.

Эксперттердин эсебинде, Орусиянын Латын Америкасындагы көпчүлүк аскердик аракеттери көбүнчө Батышка “Москванын күчтөрү 1991-жылдагы СССР урагандан кийинкидей алсыз эмес, дүйнөнүн каалаган чекитине жете алат” деген эскертүү катары кабыл алынат.

2018-жылы Орусияны эки өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү стратегиялык бомбалоочу учагы Каракастын четиндеги аскердик аэродромго конгон.

2024-жылдын жайында болсо эки орус аскердик кемеси Мадуронун бийлигин узарткан, ал эми АКШ “бурмаланган” деп баалаган шайлоо алдында Венесуэланын жээктерине токтогон.

2019-жылы Мадурону бийликтен кулатуу аракеттери жүрүп жаткан маалда Венесуэла аймагында орусиялык аскерлер бар экенин Москва моюнга алган. Анткени эки аскердик учактан түшүп келе жаткан 100гө жакын орус жоокери сүрөттөргө түшүп калган эле.

Куралдар жана чектөөлөр

Америкадагы Уилсон борборунун Кеннан институту 2020-жылы жарыялагандай, Колумбияда отурукташкан серепчи Владимир Рувинскийдин эсебинде аскерлерин киргизүү менен Кремль Венесуэланы өз орбитасында кармап турууну көздөрүн айгинелейт.

Рувинский кошумчалагандай, Москванын бир катар кадамдары Мадуронун бийликте калуусуна жардам берген.

“Венесуэла кризиси орус саясатынын чектөөлөрүн да айкын көрсөттү”, — деген Рувинский “Латын Америкасындагы саясатын каржылоого ресурстардын тартыштыгын” мисал келтирет.

2019-жылы Владимир Путин Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштай элек болчу. Эми болсо өлкөнүн аскердик күчү жана материалдык ресурстарынын басымдуу бөлүгү Украинадагы согушка багытталган. Батыштын санкциялары да Москвага кошумча оор жүк болуп жатат.

Мындан тышкары, Европадагы Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң ири куралдуу жаңжалга аралашып жаткан Орусия үчүн Венесуэлага реалдуу жардам берүү географиялык жактан да, логистикалык жактан да дээрлик мүмкүн эмес.

“Эгер АКШ Венесуэладагы режимди күч менен алмаштырууга олуттуу киришсе, Орусия эч кандай жол менен жардам бере албайт. Бул Украинадагы согуштун алдында да, кийин да мүмкүн эмес болчу. Мында жөн эле география менен логистика маселеси турат”, - деди Crisis Group уюмунун талдоочусу Олег Игнатов "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген комментарийинде.

Америка лидери Дональд Трамптын билдирүүлөрү болсо карама-каршы мүнөздө болуп жатат. 23-октябрда ал Венесуэланын аймагындагы маңзат ташуучу кайыктарга жасалган соккуларды белгилеп, “кийинки кезекте соккулар кургакта жасаларын ” эскерткен.

Бирок 31-октябрда журналисттер “АКШ Венесуэла ичинде да чабуулдарды пландап жатабы?” деп сураганда, ал кыска гана “Жок” деп жооп берген.

Мадуронун бийликтен кетиши Москва үчүн чоң сокку болмок.

Бул окуя Орусияны Латын Америкасындагы эң маанилүү тирегинен ажыратмак.

Мадуро Москва үчүн жөн гана геосаясий өнөктөш эмес. Орусия Венесуэладагы мунай өндүрүшүнө олуттуу көлөмдө инвестиция салган. Венесуэла дүйнөдөгү эң ири мунай запасына ээ. Бирок АКШнын санкцияларынан улам эки өлкө тең өз мунайын негизинен бир эле кардарга, мисалы, Кытайга сатууга аракет кылууда.

Геосаясий эсеп

Украинадагы согуштан улам азыр Москва өзү куралга муктаж, мурда Венесуэла Орусиянын ири кардарларынын бири болчу.

22-октябрда Мадуро Венесуэланын абадан коргонуу системасында орустардын 5 миң “Игла-С” ракетасы жайгашканын билдирген.

Ошого карабастан, айрым байкоочулар Кремль бул кырдаалды өзүнө пайдалуу жагынан да карашы мүмкүн дешет.

АКШ Венесуэлага көбүрөөк көңүл бурса, демек, анын фокусу Украинадан убактылуу бурулат. Бул болсо Москвага үйүлгөн дипломатиялык жана санкциялык басымды азайтышы мүмкүн.

Ал тургай, айрым талдоочулардын пикиринде, эгер Вашингтон Мадурону күч менен кулатса, Кремль бул окуяны өз пайдасына маалыматтык курал катары колдонушу да ыктымал.

“Бир жагынан алганда, Москва мындай операциядан да өзүнө пайда табат. Бул окуя анын "дүйнө жүзүнө коркунуч туудуруп жаткан тарап Орусия эмес, Батыш" деген дооматын бекемдейт”, - дейт эксперт Галеоти.

Макаланын автору: Steve Gutterman


Шерине

XS
SM
MD
LG