Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Кырсык көбөйгөндүктөн жол тескөөчүлөрдүн башчысы кызматтан алынды


Жеңишбек Жоробеков. Архивдик сүрөт.
Жеңишбек Жоробеков. Архивдик сүрөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар жүргүзүлүп, бардык аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин түрдө өсүп кеткендигине байланыштуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, мындай чечим министрликтин 4-ноябрдагы коллегиялык отурумунда кабыл алынды.

Жыйында мындан сырткары ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Алмаз Осмонбеков иштен бошотулуп, мекеменин Ички аудит кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Ички иштер министринин кеңешчиси Улан Бийбосунов кызматынан бошотулуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчылыгына дайындалды.

Маалыматта министрликтин жетекчилигинин бул чечимдери башкармалыктардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчилер арасында тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү үчүн жетектөөчү курамды ротациялоо максатында жүргүзүлгөнү айтылат.

Өткөн аптада Ош облусунун Алай районунда эки күн ичинде удаа каталып, кеминде он адамдын өмүрүн алган эки жол кырсыгынан соң оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабы жаңырган.

Январь-сентябрь айларында өлкөдө 6 миңден ашык жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 636 адам каза болду, 9 миңден ашык адам ар кандай жараат алды.

Расмий маалымат боюнча, 2025-жылдын тогуз айында 898 миң 335 жол эрежелерин бузган айдоочу аныкталган. Алардын ичинен мас абалында машине айдаган 12 миң, ылдамдыкты ашырып айдаганы 135 миң, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 6 миң, тийиштүү документтери жок автоунаага отургандар 11 миң айдоочу. Мындан тышкары автоээнбаштык жасаган 1 миңден ашуун айдоочу, коопсуздук курун тагынбаган 112 миң айдоочу аныкталган.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 123 миң 303 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG