Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын лидери Дональд Трамптын чакыруусу менен Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчыны 5-ноябрда Вашингтондогу “Эндрюс” авиациялык базасында АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур тосуп алды.
Президенттин администрациясы маалымдагандай, сапары алкагында Садыр Жапаров "С5+1" форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу да пландалууда.
Иш-чара "С5+1" диалог платформасынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулууда. Анда Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр болот.
6-ноябрдагы саммит Трамптын Азия-Тынч океан аймагындагы “минералдык дипломатиясынын” уландысы болуп саналат. Бул жолугушуу Трамптын Кытай лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүүсүнөн кийин өтүп жатат.(ZKo)
Шерине