Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

УКМК байланыш тармагын тыкыр көзөмөлдөгүсү келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) бир нече мыйзам-кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Атайын кызмат байланыш операторлорун сервистерди пайдалануучулар тууралуу маалымат берүүгө, атайын тергөө аракеттери жана контрчалгындоо маалында программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого, маалымат базасына, санариптик технологиялык тутум, ресурстарына уруксат берүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатат.

Сунушталган мыйзам долбоору аракеттеги бир кодекс менен үч мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет. Алар:

  1. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;
  2. "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө" мыйзамы;
  3. "Контрчалгындоо иши жөнүндө" мыйзамы;
  4. "Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" мыйзамы.

Айрым беренелер түшүнүктөр алмашып же толукталса, кээ биринде толугу менен кайра жаңыдан баяндалган жерлери бар. "Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүңдө" мыйзамына төрт жаңы бөлүк, "Контрчалгындоо жөнүндө" мыйзамына төрт пункт кошулган.

Документ Санарип кодексинин жоболору менен ыкчам-иликтөө жана контрчалгындоо ишин жөнгө салган түшүнүк аппаратынын жана функционалдык ченемдердин шайкештигин камсыздоону, ошондой эле мамлекеттик органдар менен телекоммуникациялык тармактын субъектилеринин ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууну көздөй турганы белгиленген.

Улуттук коопсуздук комитетинин мыйзам долбоорунун коомдук талкуу процедураларын уюштурууга жооптуу кызматкери санарип технологиялар өнүккөн шарттарда актуалдуулугун жоготкон түшүнүктөр алмашып, бирдиктүү санарип терминологиясын жана укуктук шайкештигин камсыздарын билдирди:

“Санарип кодекс жаңы жылдан күчүнө кирет да, мыйзамдарды ошого шайкеш келтирип жатабыз. Санарип кодексте азыр “абонент” деген сөз жок, “колдонуучу” деген бар. Дагы көп санарип терминдерди алмаштырдык. Биринчи кезекте биз жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргойбуз. Аракеттер террористтер, алдамчылар сыяктуу мыйзам бузуучуларга карата гана иштейт. Карапайым жарандарды көзөмөлдөө деген такыр болбойт. Биз тескерисинче, алардын укуктарын коргогубуз келет. Азыр көрүп атасыз го, канча деген чет элдик алдамчылар биздин сим-карталарды алып алып шылуундук кылып жатышат”.

Долбоордогу түшүнүктөр

Документте “телекоммуникациялык тарамдар”, “телекоммуникация операторлору”, “телекоммуникациялык сервис” деген сөздөр кеңири колдонулат. Бул терминдер жаңы жылдан тарта күчүнө киргени жаткан Санарип кодексте да бар. Мында “телекоммуникация” деген термин мурдагы “байланыш” деген сөздүн ордуна кирген. Телекоммуникацияга байланыштуу түшүнүктөр мыйзамда бир кыйла татаал сөздөр менен сыпатталган. Аларды бир аз жөнөкөйлөштүрүп айтсак, мындай болот:

-Телекоммуникациялык сервис деген телефония, интернет, кабелдик телеберүү жана уюлдук байланыш өңдүү ар түркүн тарамдарды колдонуу менен маалымат берүү кызматы. Мындай кызматты телекоммуникациялык компаниялар колдонуучулар ортосунда маалымат алмашуу үчүн аппараттык жана программалык каражаттардын жардамы менен көрсөтөт.

-Телекоммуникация операторлоруна уюлдук жана стационардык телефония, интернет жана кабелдик телеберүү сыяктуу байланыш кызматтарын көрсөткөн компаниялар кирет.

-Телекоммуникациялык тарам – телекоммуникациялык сервисти көрсөтүүгө арналган санариптик технологиялык система.

Адистер мааниси кеңири, бирок такталбаган түшүнүктөр тергөөчүлөрдүн жоболорду каалагандай колдонуусуна, атайын кызматтын укуругунун эбегейсиз узарышына алып барарын белгилешүүдө.

Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясынын жетекчиси Салават Ормошев сунушталган мыйзам долбоору менен Санарип кодексте өтө кеңири маанини камтыган жаңы түшүнүктөр бар экенин, аларды атайын кызмат менен укук коргоо органдары кантип колдонорун тактоо зарылдыгын айтат.

“Муну терең изилдеш керек негизи. Бизге дагы кошумча убакыт керек. Мисалы, азыр Санарип кодексте өтө эле көп жаңы терминдерди киргизип жатат. “Санарип курулмалар”, “санарип реестр” деген. Мисалы, “санарип курулмалар” деген түшүнүк өтө эле көп нерсени камтып кетет, кээ бир учурда баарын эле камтып кетиши мүмкүн. Ал терминдерди бул жакка колдонуп баштаса, анда коопсуздук кызматтарынын укуктары, ИИМдин укуктары... Карап көрүш керек, кайсы жерге бул укуктарды колдонсок болот, кайсы жерде чектеш керек деп. Эми муну ошол демилгечилер менен отуруп алып иштеп чыгыш керек. Алардын максаты кандай, кайсы тармакта коопсуздук үчүн колдонолу деп жатышат бул мыйзамды. Анан ошого жараша түшүнүктөрдү эскертүү (оговорка) менен беришибиз керек, же болбосо өзгөртүп, башкача түшүнүктөрдү беришибиз керек”.

"Соттун же тергөөчүнүн чечими менен аппараттарды өчүрүп коё алабыз"

Демилгечи тарап мыйзам долбоору телекоммуникациялык тарамдарды колдонуу менен ыкчам иш-чараларды өткөрүү учурунда операторлор менен өз ара аракеттенүүнүн укуктук жана техникалык механизмдерин чыңдашын, тармактык мыйзамдарга операторлордун ыйгарым укуктарын жана милдеттерин бекитерин белгилеп жатат.

Мыйзам долбоору телекоммуникация операторлору үчүн бир катар жаңы шарттарды камтыйт. Өзгөчө абал режимин киргизүү шартында же куралдуу чыр-чатак убагында белгилүү бир мобилдик түзүлмөлөргө карата байланыш кызматын берүү улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кагаз жүзүндөгү жүйөлөнгөн чечиминин негизинде убактылуу токтотулушу мүмкүн. Аларга байланыш кызматын берүүнү кайра улантуу мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин же ошол чечимди кабыл алган улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү чечиминин негизинде уруксат берилет.

УКМКнын өкүлү жаңы мыйзам кабыл алынса, кайсы бир иштин алкагындагы шектүүлөрдүн аппараттарын бир-бирден терип өчүрүп коюуга болорун айтууда.

“Өзгөчө кырдаал болгондо, маселен чек арада же теракт болгондо биз абоненттерди өчүрүп коё алабыз. Мурда биз белгилүү бир аймакты өчүрүп койчу болсок, азыр даректүү өчүрүүнү киргиздик. Башкача айтканда, биздин база боюнча беш-алты террористтин телефону болсо, ошолорду гана өчүрөбүз. Же болбосо, чек арада окуялар болуп, бөтөн номурлар жүргөнүн көрсөк, аларды да өчүрүп коёбуз”.

Операторлор УКМКнын айтканын кыйшаюусуз аткарат жана чыгымын өзү көтөрөт

Телекоммуникациялык тарамдарды пайдаланууга байланышкан атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүүдө тармактын операторлору сервистерди пайдалануучулар тууралуу маалымат берүүгө, атайын тергөө аракеттери жана контрчалгындоо иш-чаралары боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү максатында өзүнүн тарамдарында уюштуруу жана программдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого, өзүнүн маалымат базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жетүүгө уруксат берүүгө жана башка көмөктөшүү иштерин аткарууга милдеттүү болот.

Операторлор иш-чараларды өткөрүүнүн уюштуруу жана тактикалык ыкмаларын ачыкка чыгарбоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү болот.

Долбоордо жазылган дагы бир беренеге ылайык, атайын тергөө аракеттери жана контрчалгындоо иштери боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын телекоммуникациялык тарамдарда жүргүзүү үчүн зарыл болгон программдык-техникалык жана башка каражаттарды камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар операторлордун өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен камсыздалат.

Кыргызстандын байланыш операторлор ассоциациясынын жетекчиси Салават Ормошев бул мыйзам долбоорун жазууда байланыш операторлору катышпай калганын, анда бир катар тобокелдиктер кирип калганын билдирди. Ассоциациянын, Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын адистери кирген жумушчу топ мыйзамдын жөнгө салуу таасирин талдап, анан ортолук долбоорду иштеп чыгышса туура болмоктугун айтат.

“Байланыш операторлоруна кошумча дагы чыгымдарды илип атат. А бизде ченемдик-укук мыйзамдары боюнча, эгерде бизнес тарабынан кошумча чыгымдар боло турган болсо, анда буга АРВ (жөндөө таасирин талдоо) жүргүзүш керек. Кандай чыгымдар болот, канча эсепте, ал чыгымдардын канчалык пайдасы бар? Кимдин эсебинен болот, мамлекеттик бюджеттен болобу же демилгечиден болобу, же болбосо операторлордун эсебинен болобу деп туруп, аны эсептеп, анан кийин ошол анализдин негизинде кошулат мындайлар. Бул долбоордо АРВ жок экен, тиркелбептир. Ошон үчүн, мен ойлоп атам, бул документти дагы кайра иштеп чыгыш керек. Бизде “Электр байланыштары жөнүндө” мыйзам, азыр Санарип кодекси да бар, ал жерде көрсөтүлгөн. Мисалы, булардын бардыгы телекоммуникациялык сырга кирип калат да. Телекоммуникациялык сырды соттун чечими менен же тергөөчүнүн чечими менен гана берилет деген. Ошондуктан долбоордо ошонун бардыгын иретке келтириш керек”.

"Мындай көзөмөл саясий курал катары колдонулушу ыктымал"

Кыргыз өкмөтү былтыр уюлдук аппараттарды IMEI-коду аркылуу бир тутумга милдеттүү каттоо тартибин киргизген. Каттоону башында чет элдиктер ачкан жеке компания жүргүзүп жаткан. Быйыл августта Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутуму УКМКнын колуна өткөн.

“Интернетти коргоо коому” уюмунун аткаруучу директору жана санарип каршылык көрсөтүү боюнча активист Михаил Климарев телекоммуникациялык тарамдарды көзөмөлдөө демилгеси саясий курал катары колдонууу тобокелдиги көп экенин айтат. Эксперт Орусиянын мисалы мындай мыйзам менен бийлик байланыш каражаттарын каалагандай өчүрүп, ага негизди ар кандай шылтоо менен өздөрү тариздеп аларын көрсөтөрүн эске салды. Авторитардык башкаруу күчөгөн жерде коомчулуктун көзөмөлдөө аракети жокко чыгып, байланыш операторлорунун тили байланып каларын эскертет.

“Мыйзамдын жоболоруна байланыш операторлоруна кайсы бир кызматты бийликтин буйругу менен чектөө талабы киргизилип жатат. Ал кандай буйрук экени айтылбайт. Операторлорго түз эле чалып “өчүр” деп айтышат. Байланыш оператору баш тарта албайт. Анткени, биринчиден, ал мыйзамда жазылган. Экинчиден, бийликте операторлорго лицензиясын кайтарып алгандан тарта жетекчилигин куугунтуктоого чейинки бүт басым рычагдары бар. Ошондуктан, байланыш операторлору эч нерсе кыла албайт”.

Жергиликтүү укук коргоочулардын арасында УКМК демилгелеген мыйзам долбоору кабыл алынса жарандардын жеке жашоосу тууралуу маалыматтар күч органдары үчүн ачык болуп калат деген кабатырлануу бар.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору учурда министрликтерде макулдашуу процедураларынан өтүп жатат. Муну менен катар, коомдук талкууда алынган сунуш-пикирлерди эске алуу менен толукталып, анан президенттик администрацияга жөнөтүлөт. Андан ары Жогорку Кеңештин жаңы курамынын кароосуна кирет.

Шерине

XS
SM
MD
LG