Бишкектин тегерегинде кеминде 200 миңдин тегерегинде жолбун иттер бар. “Жашоо укугу” кору кожоюну жок ит-мышыктарды коргоого алып, жолбун иттердин санын азайтуу үчүн аларды стерилизация кылуу менен алек болот. 16-августта кожоюну жок жаныбарлардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди. Даярдаган: Кубат Касымбеков. (Сүрөттөр “Жашоо укугу” корунун архивинен алынды.)
"Адамгерчиликке үмүт арткандар"
1
Ыктыярчылар "Гоша" атка конгон бул күчүктү бир буту аксап, курсагы айрылган абалда табышкан. Операциядан кийин "Гоша" айыгуу жолунда.
2
3
Ыктыярчы Азис Токтобаев иттерди үйрөтүү менен да алек болот.
4
Үй-жайы жок жолбун иттер стерилизациядан кийин 4-5 күн ыктыярчылардын кароосунда турат
5
6
Бул жолбун итти машина сүзүп кетип, бир бутуна операция жасалган.
7
8
"Гоша" "чоң достору" менен...
9
Күчүктөрдөн энесине жакында стерилизациялык операция жасалат.
10
Атылган ок жолбун иттин бутуна тийген.
11
12
Стерилизациядан кийин... Бир итти стерилизация кылуу үчүн 3-4 миң сом керектелет.
13
14
"Жашоо укугу" корунун ыктыярчылары карыган иттерге да жардам көрсөтөт...
15
Ыктыярчылар "Фейсбук" же "Твиттер" аркылуу күчүктөргө кожоюн таап беришет.