Репрессия курмандыктарын актоо мыйзамы
1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Анын максаты совет доорундагы жашыруун архивдерди ачыкка чыгаруу. Биздин талкууга президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Капай уулу, ЖК депутаты, мыйзамдын авторлорунун бири Жанарбек Акаев жана милициянын отставкадагы полковниги Төлөгөн Чормонов, “Ата-Бейит” комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахманов катышты.
Чыгарылыштар
-
Февраль 23, 2025Тарыхый имаратка көз арткандар кимдер?
-
Декабрь 25, 2024Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү “Ала-Арчага” жашырылганбы?
-
Ноябрь 07, 2024Кыргызстандагы сыры ачылбаган аялдар лагери