АКШнын түндүк чыгышы менен Канадада катуу бороон-чапкын күчөп, суу ташкынды пайда кылды. Анда кеминде 14 киши набыт болгону кабарланууда. Кечээ "Сэнди" бороону Нью-Жерси менен Атлантик шаарына жакын жээктерге урунгандан кийин күчү тартылды. Президент Обама Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарында чукул кырдаал жарыялады. Түндүк батыш жээкте 6 миллионго чукул киши электр жарыксыз калды.
АКШны убайымга салган "Сэнди"
1
Нью-Йорк университетинин ооруканасына жабыркагандарды жеткирүү
2
Манхэттенде 4 кабат үй жарым-жартылай кулады, өрт өчүрүүчүлөрдүн иши арбыды.
3
Нью-Йорк шаарынын финансылык мекемелер жайгашкан бөлүгүндөгү Карей туннелин суу каптады
4
Манхэттендеги 1-авенью менен 33-көчөнү катпаган суу ташкын
5
Бруклиндин көчөлөрүн каптаган суу
6
Нью-Йорктун финансылык бөлүгүндөгү автоунаалар өткөн жай
7
Нью-Жерсинин Атлантик шаарына жакын жээкке катуу толкун чабылды
8
Нью-Жерсидеги темир жол бекетин суу каптады