"Капалычаршы", "Мысыр чаршысы" жана "Маңмутпаша" базарлары арапа жана айт күндөрү дайым толуп, соодагерлердин капчыктары бул күндөрү өзгөчө толот.
Стамбул: Айтта соодасы кызыган базар
1
Жергиликтүүлөр адатынча бул базарлардан Курман айтта локум, шоколад, баклава сыяктуу таттуу азыктарды сатып алышат. Сатуучулар бул айтта азык-түлүктөрдүн баасы былтыркыга караганда 10-15 пайыз кымбаттаганын баса белгилешти.
2
Кардарлар айт күнүнө азык-түлүк гана эмес, жаңы кийим-кечектерди дагы алат.
3
4
Айтта жайылчу дасторкондун көркүн ачкан түрк татуулары баклава, локум жана шербеттер дагы дал учул тарыхый базарларда кардарларын күтөт.
5
Атайын буюртма менен жасалган баклавалар бир канча саатта сатылып бүтөт.
6
Стамбул шаарындагы "Капалычаршы", "Мысыр чаршысы" жана "Маңмутпаша" сыяктуу тарыхый базарлары башка базарларга салыштырмалуу кыйла арзан болгондуктан жергиликтүүлөр бул жерлерден соода кылууну адатка айландырышкан.
7
Тарыхый базарларда таттуулардын жүздөгөн түрүн тапса болот.
8
Лукум.
9
Орточо эсеп менен локумдардын килосу 150 сомдун тегерегинде.
10
Базардагы дүкөндөрдүн дээрлик көбүндө кезек күткөн кардарлар бар.
11
12
Түрк кофеси ар бир түрк үй-бүлөдө айттап келген меймандарга сунулчу эң маанилүү даамдардын бири. Жыты алыстан келген кофе дүкөндөрдүн эшигинде узун кезектер болуп кардарларга улам жаңы баштыктагы кофелерди тынымсыз сатышат.
13
14
15