Эскирген азыктарды ташып жана сатып жүргөндөр аныкталды

УКМК тараткан сүрөт. 2025

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды ташып келип, жасалмалоо жана сатуу боюнча кылмыштуу схема аныкталганын бүгүн, 24-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында "Евразия канаттуулар фабрикасы" ишканасы жана аталган уюмдун жетекчисинин жашаган жеринде тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

"Тинтүүнүн жүрүшүндө канаттуулар фабрикасынын муздаткыч жайларында жарактуулук мөөнөтү өткөн өзгөчө ири өлчөмдөгү контрафакттык азыктар табылган (маалымдама: көрсөтүлгөн азыктар кийин шаардын базарларында жана гипермаркеттер тармагында ата мекендик бренд менен кайра таңгакталат жана сатылат), көрсөтүлгөн фактылар системалуу мүнөзгө ээ жана мамлекеттин санитардык-эпидемиологиялык жана экономикалык коопсуздугуна коркунуч жаратат", - деп билдирди УКМК.

Фабриканын жетекчилиги миграциялык мыйзамдарды бузуу менен Бангладештин 28 жаранын жана Пакистандын 4 жаранын уруксаты жок мыйзамсыз ишке тарткан.

Кыргызстанда буга чейин дагы эскирген товарларды саткан учурлар аныкталган.

Аталган ишкананын өкүлдөрү маалымат бере элек. (КЕ)

Дагы караңыз

Новороссийск шаарында дрон соккусунан көп кабаттуу үйдө өрт тутанды, каза тапкандар бар Песков жана Медведев Трамптын Орусия тууралуу айткандарына жооп кайтарды Трамп Европанын колдоосу менен Украина басып алынган аймагын өзүнө толук кайтара аларын билдирди"Өзүмчүл геосаясатты коюп, согуштарды токтотолу". Садыр Жапаров БУУда кайрылуу жасады