Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Владимир Путинге Жаңы Жер архипелагында тез арада өзөктүк курал сыноого даярдык баштоону сунуш кылды жана бул Кошмо Штаттарга жооп болорун айтты.
Белоусов АКШ куралданууну азайтуу жана чектөө тууралуу келишимдерден барган сайын чыга баштаганын, өзөктүк курал алып жүрүүчү континент аралык жаңы ракета жасоого ниеттенип жатканын айтты.
Министрдин бул сунушунан улам Путин тийиштүү мекемелерге өз сунуштарын берүүнү тапшырды.
Өткөн айдын соңунда АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөр сыяктуу эле Кошмо Штаттар да өзөктүк курал сыноого "тез арада" киришерин билдирген. Кийин CBS News каналына курган маегинде ал "башка өлкөлөр сыноо өткөрүп жатканын", ошондуктан АКШ мындай тест өткөрбөгөн жалгыз өлкө болгусу келбей турганын айткан жана Орусияны, Кытайды, Түндүк Кореяны, Пакистанды атаган.
Ядролук сыноосун Кошмо Штаттар 1992-жылдан, Орусия 1990-жылдан, Кытай 1996-жылдан бери өткөрө элек. (RK)