"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
ЖАМК бир апта ичинде аларга издөө жарыялай турганын билдирди.
Памирден Ат-Башыга көчүп келгенине эки жыл болгон Хабибулла үйлүү болду. Ага үйдү айылдагы демөөрчүлөр салып берди. Бири жерин бекер берсе, дагы бири курулушка кеткен чыгымды толугу менен көтөргөн. Демөөрчүлөр эми мал короону да куруп берүүнү пландап жатышат.
Парламентте өткөн жыйында кызматын тапшырган Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечимин жарыялады. Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровго өттү. "Азаттык" коомчулуктан Кыргызстандагы кырдаалга кандай баа берерин жана бийликтен эмнелерди күтөөрүнө кызыкты.
Акыркы күндөрдөгү башаламандыктан улам 6-октябрда Таластагы Жерүй алтын кенинде имарат өрттөлдү. Белгисиз адамдар Нарындагы Кара-Кече көмүр кенин басып алышты. Мындан тышкары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука жана Терек-Сайда жайгашкан алтын комбинаттары ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) сөз сүйлөп, Кыргызстан экологиялык дипломатияны жана жашыл экономиканы алдыга сүрөй турганын билдирди. Пандемияга байланыштуу БУУнун быйылкы жыйыны видео байланыш аркылуу өттү.
Социалдык тармактарда "«Биримдиктин» талапкери Улан Бакасов добуш сатып алууга аракет кылды" деген дагы бир видео тарады.
Ушул күндөрү Казакстан менен Орусиянын чек арасында Кыргызстандын кеминде үч миңден ашуун жараны топтолуп турат.
Космосбек Чолпонбаев - Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш боюнча камалган биринчи жетекчи.
14-сентябрда Жумгалдагы Кара-Кече-Дыйкан унаа жолуна түшкөн жер көчкү качан тазаланып, жол ачылары белгисиз. Ушул тапта жол толук жабык турат.
Таласта аюу аткан адам, Нарында кайберенди канжыгага байлап келаткан тургун колго түштү.
Ишкерлер адатта Кытайдан ташылып келген товар тартыш болуп, соодасы зыян тартып жатканын айтышууда.
Социалдык тармактардагы пикири үчүн күч түзүмдөрүнө суракка чакыруу токтой элек. Мындай кырдаалга пикирин ачык билдирген активисттер эмес, айылдардагы карапайым дыйкандар да туш болгон.
Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен жумгалдыктардын ортосунда чыр чыкты.
БШК Чет-Нура айылында тартылды деген тасманын чоо-жайын териштире баштады.
ВИЧти ооруканадан жугузуп алгандарга кенемте төлөп берүүнү караган мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
Кыргызстанда жума намазын мечитте окууга уруксат берилди. Муфтият мечитке келгендерди санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырып, “антисептиги жоктор, беткап жана байпак кийбей келгендер мечитке киргизилбейт” деп жарыя кылды.
«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылы бул боюнча баяндамасын жарыялады.
Дагы жүктөңүз