"Азаттыктын" кабарчысы. 2009-жылы Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.
Коронавирус жуктурган адамдар үчүн ачылган обсервациялардагы жана күндүзгү стационарлардагы санитардык абал дарыгерлерди тынчсыздандырууда.
Нарын облусу боюнча күндүзгү стационарлар үчүн 147 имаратта 1087 орун даярдалды. Бул жайларга бир аптада 4000ден ашуун бейтап кайрылды.
Кыргызстанда пандемия маалында эң зарыл саналган дарылар катылган кампалар аныкталды. Мындан сырткары дары алып кайра кымбат саткан фактылар да териштирилүүдө.
Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармек баасы асмандап, айрымдары табылбай жатат.
Коронавирус илдетине байланыштуу шашылыш эмес сот иштерин токтото туруу жөнүндө сунуштар айтылууда.
Коронавирус кулачын жайган шартта Кыргызстанда абал оор болуп турат.
Коронавирус илдети аны менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди да аяган жок.
УКМК Нарында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү деп шектелген алты аялды кармады.
Кыргызстанда акыркы бир аптада үрөй учурган жол кырсыктары катталды. Акыркы бир аптада Кыргызстандагы жол кырсыгынан кеминде 11 киши өлүп, үч адам жабыркады.
Акыркы бир аптада Кыргызстандагы жол кырсыгынан кеминде 11 киши өлүп, үч адам жабыркады. Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда парламентте «жолдор коопсуз болуп калды» деп айтып жаткан күнү Бишкектеги «Манас» аба майданына кеткен жолдогу кырсыктан эки киши көз жумду.
УКМКнын тергөө абагында жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев пневмония менен ооруп калганы айтылды.
Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетине караштуу Үлгүлтүксүз жана профессионалдык билим берүү мектеби пандемия учурунда көчмө китепкана уюштурду.
Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат. Жабык жайлардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокуратура бул маалыматты иликтөөнү Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка тапшырган.
Жогорку сот Матраимовдордун доо арызына байланышкан иште "Азаттыктын" өтүнүчүн канааттандырган жок.
Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин окуучусу Уран Айбек уулу жөжө чыгарган инкубатор жасап чыкты. Учурда анын кол эмгегине кызыккан айылдаштары көбөйүүдө. Уран инкубатордон чыккан жөжөлөрүн 50-60 сомдон сатып жатат.
Ат-Башы районунун тургуну, жөө күлүк Оболбек Осмонбеков 400 чакырым аралыкты беш күндө чуркап өттү. Ал сапарын 19-июнь күнү Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан баштап, 24-июнда Бишкекке келди.
Ички иштер министрлиги бийликти күч менен басып алууга чакырган жарандар кармалганын билдирди. Ал арада Таласта Жерүй боюнча элдик жыйын уюштуруу демилгесин көтөргөн Айбек Бусурманкуловду укук коргоо органдары суракка алды.
Абибулла Мухаммед уулу Ооганстандын Памир аймагынан Ат-Башыга 2018-жылы үй-бүлөсү менен көчүп келген. Учурда ал жаңыча жашоого көнүп, дыйканчылыкты акырындык менен өздөштүрө баштады. Аялы да бош отурбай, кол өнөрчүлүк менен киреше тапкысы келет.
Мамлекеттик ишмер Болот Шерди акыркы сапарга узатууга арналган митинг өттү.
Дагы жүктөңүз