Президенттин иш башкармалыгы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 14 ай окутуу талабын киргизип жатат. Буга чейинки үч айлык окуу токтой турганы белгилүү болду. Демилгечилер муну менен жол кырсыктарын алдын алуу максаты коюлуп жатканын белгилөөдө.
Президенттин иш башкармалыгы айдоочулук күбөлүк үчүн 14 ай окутуу талабын коюуда. Үч айлык окуу токтой турганы айтылды. Негизги максат - курч көйгөйгө айланган жол кырсыктарын азайтуу экени белгиленди. Менчик авто мектептерди жоюп, окуу мөөнөтүн 14 ай кылып узартып коюу менен маселе чечилеби?
АКШнын Согушту изилдөө институту орус армиясы Покровск шаарын тезирек алууга аракеттенип жатат деп эсептейт. Ушул тапта тапта орус аскерлери ал жердин 60% көзөмөлдөп жатканы айтылууда.
4-ноябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков кызматтан алынды. Өткөн аптада Ош облусунун Алай районунда эки күн ичинде удаа каталып, кеминде он адамдын өмүрүн алган эки жол кырсыгынан соң оор жүк ташууга көзөмөлдү күчөтүү талабы айтылууда.
Кыргызстанда видео дрондорду каалагандай эле учура албайсыз. Учурда тийиштүү органдар жарандардагы учкучсуз аппараттарды көзөмөлдөй баштаганы айтылууда. Аба кодексине ылайык, эми дронду каттатып, атайын окуудан өтүп, сертификат алып колдонуу талап кылынат.
Кыргызстанда “Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал ачылып, аудиторияга жергиликтүү медиа катары сунушталууда. Ага Орусияга таандык медиада иштеп кеткен бир катар кызматкерлер өтүп, башка маалымат каражаттарынан да журналисттер тартылды.
Ооганстанда жер титирөөдөн кеминде 20 киши каза таап, жүздөгөн адам жабыркады. Магнитудасы 6,3кө жеткен зилзаланын очогу өлкө түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарына жакын жайгашкан. Августтун этегинде Ооганстандын чыгышында магнитудасы алты болгон жер титирөө 2 миңден арбын кишинин өмүрүн алган.
Ооганстанда зилзалада 20 киши каза таап, жүздөгөн адам жабыркады. Зилзаланын күчү Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Пакистанда да сезилди. Кыргызстанда электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө кирди. Бишкектеги Сейтек STEM мектебинде тамакка уулангандардын саны 84 кишиге жетти.
Соңку эки-үч күндө жол кырсыгынан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылды. Ош–Гүлчө унаа жолунда жүк тарткан машине менен жеңил автоунаа кагылышканда беш киши мүрт кеткен. Алардын тажиясынан кайтып келатканда дагы беш киши каза болгону кабарланды. Ага чейин Бишкек–Ош жолунда дагы эки киши көз жумган.
Кыргызстанда соңку бир суткада эле жол кырсыгынан жети киши каза болду. Адистер айдоочулар өзүнүн жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна кайдыгер мамиле жасап жатканын белгилешет.
2021–2025-жылдары кыргыз бийлиги Сирия жана Ирактан 551 жаранды мекенине алып келди. Алар негизинен аялдар жана балдар. “Сириядан кайткан узак жол” долбоорунун биринчи чыгарылышында коогалуу аймакка барып, кайра келгендердин бири Гүлипанын тагдырын баяндайбыз.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзинпин Түштүк Кореядагы жолугушууда Украинадагы согушту токтотуу үчүн бирге иштешүү, соода тарифтерин төмөндөтүү тууралуу макулдашты. Бул кездешүү "соода согушунун" фонунда эки тараптын мамилесин жакшыртууга пайдубал болуп бериши мүмкүн.
Дагы жүктөңүз