Орто Азияга биринчи келген европалык аял - Элла Майяр 1932-жылы Кыргызстанга келип, бир жылдан соң Казакстан, Өзбекстанга саякатын уланткан. Ал кыргыз эли-жери жөнүндө не бир сонун тарыхый фотосүрөттөрдү тарткан. “Тянь-Шандан Кызыл-Кумга чейин” деген тарыхый-документалдуу китебин французчадан Нуралы Турганбаев которгон.
Бир кылым мурдагы Орто Азия
1
Бүркүтчөн кыргыз.
2
Теңир-Тоонун Ээр-Таш өрөөнү. Сары-Чат конушундагы кыргыз үй-бүлө.
3
Күнгөй Ала-Тоо, Ак-Суу. Өгүз минген аксакал саякатчыларга жолду көрсөтүп койгону баратат.
4
Төө кайтарган тоолуктар.
5
Теңир-Тоолук мергенчи Осмон шыралгасы менен.
6
Үч манап. Каракол.
7
Темир устанын ат такалоочу жайы. Каракол.
8
Фрунзедеги базар. 1932-жыл.
9
Кулакка тартылып айдалып бараткан кыргыздар. Буттарында кишен, аскерлердин кайтаруусунда.
10
Жууку ашуусунда келаткан жүн ташыган кербен.
11
Самарканддык кыз.
12
Ташкент. Чайкана. Сөрүнүн жанында чачтарач иштөөдө.
13
Самарканддын Тилла-Кари мечитинин ичинде. Соттун өлүм жазасы өкүмүн угуп аткан басмачылар.
14
Казак талаасында.
15
Казак талаасында. Ачкачылык жылдары.
16
Самарканд.
17
Элла Майяр. Швейцария. Шандолин.