Кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал толук жөнгө салына элек. 8-майда эл менен жолукканы барган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевди жергиликтүү тургундар талаптарын аткаруу талабы менен бошотпой жатат. Шаршембинин кечинде Баткендин Көк-Таш айылына жакын жердеги чек арада кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, кырдаал кескин курчуп кеткен эле.
Баткен: чек арада кырдаал курч
1
Чек арадагы Жака-Өрүк деген жерде топтолуп турган эл, 8-май.
2
Кыргыз-тажик чек арасында тутанган жаңжалдан кыргыз тараптан ондон ашуун адам жаракат алып, дүкөндөр жана унаалар өрттөлдү.
3
Жергиликтүү тургундар эл топтолгон жерге баратышат. Көк-Таш айылы, 8-май.
4
Чек арада турган кыргыз аскерлери, Жака-Өрүк, 8-май.
5
Түнкү жаңжалдан жабыркаган кыргыз жараны, Жака-Өрүк, 8-май.
6
Жабыркагандарды Тез жардам алып кетүүдө.
7
Чек арага топтолгон эл жолугушууга барган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевди ээн үйгө камап салышты. Жака-Өрүк, 8-май.
8
Вице-премьерди кармалып турган үй.
9
Жаке-Өрүктүн тургундары айланма жол салып, чырга себепкер тажик жарандарын жоопко тартууну талап кылууда.