Бишкекте Украинага тилектештик акциялары уланууда
Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 28-февралда бул мамлекетти колдогондордун тилектештик акциясы өттү. “Украинага даңк!” деген жазууларды көтөргөн Бишкектин тургундары Орусия бийлигинин соңку кадамдарын сындап, украин жергесине тынчтык каалады. Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко да бул күнү маалымат жыйынын өткөрүп, соңку окуялар кыргыз-украин алакасына кедергисин тийгизбей турганын, алдыда экономика жаатындагы кызматташуу боюнча бир катар пландар бар экенин билдирди.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 05, 2025Кар жаады, жол тайгак, "чексиз тариф"
-
Ноябрь 05, 2025Айзиректин ишин Ош облустук соту карап жатат
-
Ноябрь 04, 2025Орусиянын аскерлери Покровск шаарын курчап алды
-
Ноябрь 03, 2025Ооганстан: Зилзалада 20дан ашуун киши набыт болду
-
Ноябрь 03, 2025Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди?