Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Казакстан Авраам келишимине кошулду


Дональд Трамп менен Касым-Жомарт Токаев. Вашингтон. 6-ноябрь, 2025-жыл.
Дональд Трамп менен Касым-Жомарт Токаев. Вашингтон. 6-ноябрь, 2025-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамптын араб өлкөлөрүнүн жана мусулман дүйнөсүнүн Израил менен байланышын жөндөө демилгеси - Авраам келишимине Казакстан кошулду. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен АКШ лидери Дональд Трамптын 6-ноябрда Ак үйдөгү жолугушуусунан кийин белгилүү болду. Эки лидер С5+1 саммитинин алдында жолугушту.

Жолугушуу учурунда Трамп менен Токаев Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Казакстандын Авраам келишимине кирүү ниети айтылды.
Казакстан 30 жылдан бери Израил менен дипломатиялык карым-катышка ээ.

АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social платформасына Астананын аталган келишимге кирүүсү "жалпы дүйнөдө көпүрө тургузууга маанилүү кадам" болгонун жазды.

"Бүгүнкү күнү көп өлкөлөр менин Авраам келишимимдин аркасы менен тынчтыкка жана өнүгүүгө кезекке туруп жатышат. Жакында биз расмий кол коюу аземин жарыялайбыз, көптөгөн башка өлкөлөр да бул клубга күчүн бириктирүүгө аракеттенип жатышат. Туруктуулук жана өнүгүү - чыныгы өсүш жана чыныгы жыйынтык үчүн өлкөлөрдү бириктирүүгө али көп далалат керек", - деп жазды Трамп.

Авраам келишими Израил менен мусулман дүйнөсүнүн мамилесин жөндөө максатында түзүлгөн. Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Марокко келишимге 2020-жылы киришкен. Казакстан аталган документке Дональд Трамптын президенттик экинчи башкаруусунда кошулган алгачкы өлкө болуп калды.

Касым-Жомарт Токаев октябрь айында Египетте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Газа тилкесинде согушту токтотуу жана барымтага алынгандарды бошотуу тууралуу келишимди колдогон. Ал Жакынкы Чыгышта бекем тынчтыкты орнотуу үчүн Египет, Катар, Түркия жана Дональд Трамп башында турган АКШнын арачылык ишмердүүлүгүнүн жемишин белгилеген.

Айрым араб өлкөлөрү Израил менен мамилени жөндөөгө жана аны менен келишүүгө кошулууга каршы. Сауд Арабиясы Израил Палестин мамлекетин таанымайынча өлкө катары тааныбасын бир нече жолу билдирген. Газа тилкесинде израил армиясынын согуштук аракеттеринин натыйжасында жай тургундар жабыркап, гуманитардык жардамды бөгөттөөдөн ачарчылык капташы араб өлкөлөрүнүн нааразычылыгын жараткан.

Трамптын администрациясы араб жана мусулман өлкөлөрүнүн Израил менен мамилесин жайгарууга аракеттенип келет. Келишимди кеңейтүү маселеси Сауд Арабиясынын мураскери Мухаммед Бин Салмандын 18-ноябрда Вашингтонго сапарында башкы тема болору күтүлүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG