29-июлда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун "Майтарылгыс боордоштук" аскерий машыгуусу башталды. Токмок шаарына жакын жердеги “Ала-Тоо” полигонунда башталган иш-чара 1-августта аяктайт.
"Майтарылгыс боордоштук" машыгуусу
1
ЖККУнун мындай машыгуусу ушуну менен үчүнчү ирээт өтүп жатат.
2
Машыгууга алты мамлекеттен 700дөй аскерлер келди.
3
ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа: ЖККУ мындан ары тынчтык орнотуу операцияларына аралаша баштайт.
4
5
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев эл аралык терроризмден чогуу коргонуу зарыл экенин эскертти.
6
Бул машыгууда тынчтык орнотуу операциясындагы гуманитардык жүктөрдү коштоп баруу, өзгөчө маанилүү объекттерди коргоо, тосмо бекеттерди кайтаруу, туткундарды куткаруу өңдүү багыттар боюнча даярданышат.
7
ЖККУга алты мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. Өзбекстан болсо бул уюмдан 2012-жылы чыгып кеткен.
8
9
10
ЖККУ аскердик-саясий уюм катары 1992-жылы түзүлгөн.
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20