АКШнын президенти Дональд Трамп баш болгон республикачылар Мамданини коммунист, марксист деп сыпатташат.
Ошентип, калың эл анча тааныбаган Нью-Йорк штатынын ассамблеясынын мүчөсү, 34 жаштагы саясатчы Демократиялык партиянын көрүнүктүү фигурасына айланды. Мамдани кыйынчылыктарга карабай жеңишке жеткенин, саясий династия кулатылганын айтып, шайлоочуларына ыраазычылыгын айтты.
"Калаабыздын саясатчылары көп учурда көз жаздымда калтырган, бул кыймылга чын ыкласынан кошулган кишилерге рахмат. Мен йемендик соодагерлер менен мексикалык чоң апалар, сенегалдык такси айдоочулары менен өзбекстандык медайымдар, тринидаддык ашпозчулар менен эфиопиялык эжелер жөнүндө айтып жатам. Ооба, эжелер. Кенсингтондо жана Мидвудда, Хантс Пойнтте жашаган Нью-Йорктун ар бир тургуну - бул шаар силердики, бул демократия силердики!" - деди Зохран Мамдани.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, ага добуштардын 50,4% тийди. Шайлоо комиссиясы 1969-жылдан бери алгачкы жолу калаа башчысын шайлоого 2 миллионго жакын киши катышканын билдирди.
Демократтардын ички шайлоосунда утулуп калгандан кийин көз карандысыз талапкер катары ат салышкан мурдагы губернатор Эндрю Куомо атаандашын куттуктады. CBS каналынын прогнозунда ага 41,6% добуш берилгени айтылат. Ал эми республикачыл Кертис Слива 7% менен үчүнчү сапка жайгашты. Ал дагы жыдыганын мойнуна алды.
Мамдани Американын ири шаарынын алгачкы мусулман жана 100 жылдан берки эң жаш мэри болуп калмакчы.
Дагы караңыз "Кыргыз паспорту менен башка өлкөлөрдөн да киргендер болду". АКШ виза мөөнөтүн азайтатАл өзүн демократиялык социалист деп атайт. Шайлоо кампаниясында бир миллиондой батирдин ижара акысын көтөрбөй кармап туруу, мектепке чейинки билим берүүдөн баштап автобустарды бекер кылуу өңдүү прогрессивдүү, элдин жашоо сапатын жакшыртуу пландарын сунуш кылган. Андан тышкары “миллионерлерге салык” киргизип, ал каражатты социалдык программаларды кеңейтүүгө жумшарын айтып келди.
Байкоочулар бул долбоорлорду ишке ашыруу кыйын болорун белгилешет.
Мамданинин шайлоо кампаниясы интернетте популярдуу болуп отуруп, жайында ички партиялык шайлоодо ийгиликке алып келген. Жаш саясатчыны демократтардын бир катар көрүнүктүү өкүлдөрү, арасында Өкүлдөр палатасындагы лидер Хаким Жеффрис, мурдагы вице-президент Камала Харрис жана Нью-Йорктун губернатору Кэти Хочул колдогон.
Мамданини жеңишин өзгөчө жаштар кубатташты.
"Менимче, улуу муундун өкүлү эмес, жаш курагы бизге жакын кишинин шайланганы жакшы. Анын саясатын да мыкты деп эсептейм. Энергияга толгон. Системага, президентке каршы туруудан тайманбайт. Менимче, бул абдан жакшы", - деди жаңы мэрдин колдоочусу Ким Харт.
Жеңгени белгилүү болгондон кийинки сөзүндө Мамдани президент Дональд Трампты да сөз кыла кетти:
"Нью-Йорк иммигранттардын шаары бойдон калат. Иммигранттар курган, иммигранттар алдыга сүрөгөн калаа. Эми бүгүнкү кечтен тартып аны иммигрант жетектейт. Президент Трамп менин кебиме кулак салып коюңуз! Бир кишиге жетүү үчүн баарыбыздын башыбыздан өтүүгө туура келет".
Мамлекет башчы Трамп шайлоочуларды партиялашы Сливага эмес, "коммунист Мамданиге караганда, мурда ийгилик жараткан" демократ Куомого добуш берүүгө үндөгөн. Ал Мамданини шайланса Нью-Йоркко берилүүчү федералдык каражатты кыскартарын эскерткен.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин президент “Эми башталат” деген сөз менен чектелсе, Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон Мамданини чыныгы экстремист деп атады:
"Нью-Йорк шаарындагы демократтар чыныгы экстремистти жана марксистти тандашты. Анын кесепети бүтүндөй өлкөдө сезилет. Зохран Мамданинин шайланышы Демократиялык партиянын радикал, өкмөттүк социалисттик партияга айлануусун бекемдейт".
Дагы караңыз АКШ: Мигранттарга келген кат, Трамптын жаңы программасыШайланган мэр Угандада туулган. Жети жашка чыкканда үй-бүлөсү менен Нью-Йорк шаарына көчүп барган. Апасы Мира Наир белгилүү кинорежиссер, атасы Колумбия университетинин профессору. Ата-энеси экөө тең Гарвард университетин аяктаган.
Американын жарандыгын болочок мэр 2018-жылы алган, быйыл жыл башында теги сириялык Раме Дуважиге үйлөнгөн.
Мамдани Мэн штатындагы Боудин коллежинде Африканы изилдөө факультетин аяктаган. Ал жерде “Студенттер Палестинадагы адилеттик үчүн” деген уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.
Саясатка аралашкыча турак жай тармагындагы консультант болуп турганда үйүнөн көчүрүү коркунучуна туш болгон колунда жок шаардыктарга жардам берчү.
Нью-Йорктогу шайлоону айрым талдоочулар америкалыктардын Трамптын бийликтеги тогуз айына реакциясы катары баалашат.
Демократтар ал күнү дагы эки жерде – Нью-Жерси жана Виржиния штаттарындагы губернатордук шайлоодо жеңди.