Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май Беларустан ташыла баштайт

Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстандын компаниялары күйүүчү-майлоочу майдын таңкыстыгын алдын алуу үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатовдун "Азаттыкка" 7-ноябрда билдиришинче, Беларустун компаниялары менен келишим түзүлдү. Ал эми Азербайжан, Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Беларус менен келишим түзүлдү, биринчи көлөмдөр Кыргызстанга келип баштайт. Ал эми Азербайжан жана Кытай менен келишим түзүлөрү менен алар мунайзаттарын бизге жөнөтүп башташат", - деди Эшатов.

Анын белгилешинче, өлкөдө күйүүчү жана майлоочу май соңку аптада дагы 1-2 сомго кымбаттады. Бул товарды дүңүнөн сатып алган баага байланыштуу болууда. Нефтетрейдерлер ассоциациясы ири компаниялардын кампаларында 15-20 күнгө жете турган май бар экенин, күйүүчү май азыраак көлөмдө келип жатканын кошумчалады.

Ассоциация буга чейин билдиргендей, Энергетика министрлиги менен биргеликте Кытайдан, Түркмөнстандан жана Азербайжандан май алуу жолдору караштырылууда. Бирок алардан бензин базар баасында келсе, азыркыдан дагы кымбат болушу ыктымалдыгы айтылган.

Кыргызстанда жай айларында башталган күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосу күз айларында да уланууда. Улуттук статистика комитети билдиргендей, А-95 үлгүсүндөгү бензин июндун башында 73 сом болсо, учурда 81-82 сомго чыкты. А-92 үлгүсүндөгү бензин 65 сомдон 76-77 сомго, дизел 73 сомдон 80-81 сомго көтөрүлдү.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы мунун себебин Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү бир нече заводу Украинанын дрон чабуулунан улам иштебей, ал жактын өзүндө тартыштык болуп жатканы менен түшүндүрүп келет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы азыр бааны кармап турууга мүмкүн болбой жатканын, күйүүчү майдын кымбатташы Орусиядагы абалга байланыштуу экенин билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички базарын мунай азыгы менен туруктуу камсыздоо маселелерине арналган кеңешме өткөрүп, күйүүчү майдын баасына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берген. (КЕ)

Дагы караңыз

Борбор Азия-АКШ саммити: Жапаров аймактын дүйнөлүк саясаттагы ролу өскөнүн белгиледиБылтыр чыккан китептердин жарымынан көбү кыргыз тилинде жарык көрдүБишкекте жаранга балта шилтеген адамдын окуясы териштирилүүдөЖапаров Трамп менен Кыргызстан-АКШ кызматташтыгын талкуулады