Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Былтыр чыккан китептердин жарымынан көбү кыргыз тилинде жарык көрдү


“Кыргыз китеп” басмаканасы чыгарган китептер. Иллюстрациялык сүрөт.
“Кыргыз китеп” басмаканасы чыгарган китептер. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы түрдүү басмаканаларда 2024-жылы жалпы тиражы 1, 617 млн нуска болгон 1 020 аталыштагы китеп басылып чыккан. Анын 58% ашыгы кыргыз тилинде жарык көрдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет 7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнүнө карата жарыялаган баяндамасында билдирди. Анда өлкөдө азыр канча басмакана бар экени айтылган жок.

Маалыматта Кыргызстанда китеп чыгаруу жана басмаканалардын тарыхы тууралуу учкай берилип, китеп чыгаруу жана анын калыптанышы, өнүгүшү XX кылымдын 20-жылдарынын ортосунан башталганы айтылган. Бул мезгилде өлкөдө негизинен улуттук жазуунун жана кыргыз тилиндеги алгачкы басма органдарынын түзүлүшү аяктаган.

"Көркөм тексттерди жана китептерди кыргыз тилинде басып чыгаруу улуттук китеп чыгаруу түзүлгөнгө чейин эле, бирок Кыргызстандан тышкары жерлерде ишке ашырылган", - деп жазылган статистика мекемесинин маалыматында.

1925-жылы Пишпек басмаканасында биринчи жолу 8 түрдүү китеп басылып чыгарылган. 1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштери башкармалыгынын биринчи жыйынында “Кыргызмамбас” (“Киргосиздат”) басмасы негизделген. Жалпы тиражы 66 миңге жакын нуска болгон 26 аталыштагы китеп басылып чыккан.

Союз мезгилинде Кыргызстанда китептер "Кыргызстан", "Мектеп", "Илим" жана "Адабият" басмаканаларында чыгарылган.

Айрым жазмакерлер китеп окуу маданияты жанданбай, китеп чыгарылганы менен аны сатуу көйгөй болуп жатканын айтып келишет.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG