Вашингтон: Трамп Борбор Азиянын лидерлери менен жолугат

мазмуну

  • АКШ Борбор Азия менен кызматташтыкты тереңдетүү үчүн С5+1 платформасын 10 жыл мурун түзгөн.
  • Вашингтон чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн биримдигин бекемдөөгө жана Орусия менен Кытайдын таасирин азайтууга басым жасайт.
  • Саммитте сейрек кездешүүчү металлдар жана экономикалык байланыштар негизги талкууланчу темалар болмокчу.
6-ноябрда Вашингтондо кечки саат алтыда АКШ президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугат. Саммитте чөлкөмдөгү сейрек кездешүүчү жана стратегиялык минералдардын ири запастары талкууланары кабарланды. C5+1 саммити АКШ менен Борбор Азиянын беш өлкөсүн бириктирген платформа.

2013-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Казакстан менен Кыргызстандын аталышын чаташтырып, Кырзахстан деген жаңы өлкө "ойлоп тапкан" эле. Кошмо Штаттардын тышкы саясий мекемесинин башчысы катары сүйлөгөн алгачкы сөзүндө ал ушинтип айтып, көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттарында узакка чейин кеп болуп жүрдү.

Бирок эки жылдан кийин, 2015-жылы Керри Борбор Азиянын бардык беш өлкөсүн кыдырып чыгып, Вашингтондун аталган аймак менен диалогунун жаңы форматын түптөй алган. Ошентип С5+1 платформасы түзүлүп, быйыл ал он жылдыгын белгилөөдө.

Кызматташтыктын мындай форматынын алгачкы бир нече жылында алака-катыш ышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жүрүп турган. Алар белгиленген убактысында такай жолугуп жүрүштү жана бул формат кызматташтык маселелерин талкуулай турган аянтчага айлана алды.

Ал эми аймактагы өлкөлөрдүн башчыларынын жана АКШнын президентинин жогорку деңгээлдеги алгачкы саммити 2023-жылы Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы өтүп жаткан учурда уюштурулган.

Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Жо Байдендин администрациясы ал жолугушууда негизги көңүлдү мурдагы Советтер Союзунун курамында болуп келген беш республикага саясий тилектештик билдирүүгө жана эгемендигине колдоо көрсөтүүгө бурган. Ак үй анда эгемендик канчалык маанилүү экендигине, аймактагы өлкөлөр ортосунда биримдиктин бекем болушуна жана Борбор Азиянын Москвадан көз карандылыгын азайтуу үчүн тышкы экономикалык байланыштарды бөлүп кароо зарылдыгына басым жасаган.

Экинчи "Борбор Азия - АКШ" саммити, байкоочулардын божомолуна караганда, иштиктүүрөөк болот жана мунун себеби төрт жылдан кийин Ак үйгө кайтып барган Дональд Трамптын America first позициясы менен байланышта.

- Байдендин тушунда Вашингтон өзүнүн алдына койгон негизги милдеттердин бири Борбор Азиянын биримдигин колдоого умтулуу болчу, АКШ администрациясы аймактын өлкөлөрү ич ара ынтымакта, Орусиянын жана Кытайдын кысымына туруштук бере алгыдай болушу зарыл деп эсептечү. Ак үй аймактын биримдигине, экономикалык жана саясий байланыштардын бекемделишине жана ошондой эле лидерлер ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштын болуп турушуна өзгөчө көңүл буруп келген. Эми, Трамп келгенден бери, формат башкачараак — прагматикалуураак жана материалдык пайда алууга көбүрөөк ыктагандай боло тургандай. Кошмо Штаттар, башка өлкөлөр менен мамилесиндегидей сыяктуу эле, биринчи кезекте өзүнө пайда алып келе тургандай мүмкүнчүлүктөрдү издейт ", - дейт Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору, изилдөөчү Эрика Марат.

С5+1 саммити өтө турганы тууралуу октябрь айынын соңунда, Трамп Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын лидерлерине Вашингтонго чакыруу жөнөткөнү жана аны аталган өлкөлөрдүн президенттери кабыл алганы айтылганда белгилүү болгон. АКШ аймактагы мамлекеттер арасынан соода пошлинасын (АКШга Казакстандан ташылып барган товарлар үчүн 27%, ал эми калган төрт өлкө үчүн 10%) жогорулаткан жалгыз өлкө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Трампка чакыруусуна жөнөткөн жооп катында "чын ыкласынан ыраазычылыгын" билдирген.

Борборазиялык беш республиканын президенттери быйыл сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясына барган, бирок анда АКШ президенти менен жолугушуу тууралуу сөз болгон эмес. Жалгыз гана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Трамп менен өзүнчө жолугушуп, америкалык лидерди Самаркандга келип кетүүгө чакырган. Кошмо Штаттардын президенти "ойлонуп көрөрүн" айтып, бир айдан кийин бардык беш өлкөнүн жетекчилерин Вашингтонго чакырды.

Сейрек кездешүүчү металлдар - күн тартибиндеги негизги маселе

Вашингтондун кендин түрүнө бай Борбор Азия аймагына болгон кызыгуусу октябрь айында АКШ менен Кытайдын ортосундагы "соода согушу" фонунда расмий Бээжин металлдын эң зарыл, сейрек кездешүүчү түрлөрүн экспорттоого чектөө киргизип койгондо күчөй баштады. Жалпысынан 17 элемент жогорку технологиялык продукцияны жасоодо колдонулат.

— Мындай шартта Вашингтон Борбор Азияны стратегиялык ресурстардын дагы бир булагы катары карайт. Андыктан, металлдын эң маанилүү түрлөрүнө жол ачуу жана аймакта кытайлык таасирдин жайылышын ооздуктоо алдыдагы саммиттин күн тартибиндеги негизги суроолор болот сыяктанат, — деген ою менен тажикстандык саясат талдоочу Мухаммад Шамсуддинов бөлүштү.

Буга саммитти утурлай бир топ америкалык аткаминер Борбор Азияга келип кеткени да далил. АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын чабарманы Сержио Гор жана мамлекеттик катчынын орун басары Кристофер Ландау Өзбекстанда, Казакстанда болушту, Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти алардын сапарынын негизги максаты "соода-сатык, эң маанилүү минералдык ресурстарга жана энергетикага инвестиция салуу жана ошондой эле С5+1 форматындагы аймактык өнөктөштүк маселелерин талкуулоо" экенин билдирген.

Шавкат Мирзиёев (солдо) жана Сержио Гор

Маанилүү чийки зат маселеси быйыл апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Борбор Азия — Европа Биримдиги» саммитинин күн тартибинде башкы маселелердин бири болгон. Андан бир аз мурдараак расмий Астана Борбордук Казакстанда 20 миллион тонналык ресурсу бар сейрек кездешүүчү ири кен ачылганын жарыялаган эле. Кендеги запас тууралуу маалымат толук тастыктала элек, бирок эгер чынында эле ошондой көлөмдө болсо, анда бул өлкө резервдеринин көлөмү жагынан алып караганда Кытайдан жана Бразилиядан кийинки эле үчүнчү орунга чыгышы мүмкүн. Бирок Борбор Азияда сейрек кездешүүчү элементтерди казуу ишинин келечеги азырынча анык эмес. Америкалык Atlantic Council аналитикалык борбору белгилегендей, мында транзиттик чыгымдын көптүгү, экспорт үчүн инфраструктуранын жоктугу, инвестициялык чөйрөдөгү коммерциялык мүмкүнчүлүктөрдү кыйла төмөндөткөн коркунучтардын көптүгү негизги тоскоолдуктар болуп эсептелет.

Казакстан менен АКШ темир жол локомотивдери боюнча келишим кабыл алышты. 2025-жылдын 22-сентябры.

Борбор Азия эмнеге үмүттөнө алат?

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн глобалдык деңгээлде кызыгуу жаратуусунда ар кимиси өзүнчө эмес, мамлекеттер тобу катары каралып жатканын жалпы аймак үчүн оң белги деп кабылдоо керек экенин башкы кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Central Asia Due Diligence изилдөө борборунун негиздөөчүсү Алишер Илхамов айтууда:

— Эгер аталган аймактагы өлкөлөр өзүнүн дүйнөлүк макамын сактап, жакшырткысы келсе, анда алар Борбор Азия алкагындагы интеграция боюнча ишмердүүлүгүн уланта бергени туура. Батыш менен болгон байланыштарынын аркасы менен, анын ичинде мына ушундай саммиттер алкагында аймактагы өлкөлөрдө тышкы саясатын көп векторлуу кылып жүргүзүүгө жана Москва менен Бээжиндин айдан ачык сателлитине айланбоого мүмкүнчүлүк бар болот. Албетте, мындай саясатынын айынан аларга Москванын кысымы күчөйт, ошондой болорун азыртан эле көрүп жатабыз".

Вашингтондо саммит өткөнү жатканын угар замат Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батышты "Борбор Азия жана Закавказье өлкөлөрүн Орусия Федерациясынан бөлүп кеткиси бар" деп айыптады жана Москва мындай аракеттерге каршылык көрсөтөрүн убада кылды.

Вашингтондогу жолугушуу Тажикстандын борбору Душанбе шаарында «Борбор Азия — Орусия» саммити өткөндөн бир айдан соң уюштурулууда. Анда орус президенти ВладимирПутин Кремль үчүн Борбор Азия стратегиялык мааниге ээ экенин айтып, аймактын лидерлерин Москва алардын негизги союздашы жана коопсуздугунун кепилдиги экендигине ишендирүүгө аракет кылды. Бирок Душанбе саммитинде Орусия менен Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда кандайдыр бир ири инвестициялык келишим кабыл алынган жок. Экономикасы солгундай баштаган Москва түштүк ыптасындагы кошуналарын өзүнүн таасириндеги өлкөлөр катары көргөнү менен бул аймактагы долбоорлорду каржылоого азыр чамасы жок сыяктанат.

Ал эми борборазиялык өлкөлөр өзүлөрү Орусиянын, Кытайдын (Бээжин азыркы тапта аймактагы экономикалык катышуусун активдүү түрдө кеңейтип жатат) жана Батыштын кызыкчылыктары ортосунда эбин табуу аракетинде. Баарынан, кыязы, азыр Казакстанга оор болуп турат. Вашингтондон кийин Токаев мамлекеттик сапар менен Москвага барат. Анын Путин менен жолугушуусу 12-ноябрга пландалууда.

"Биз бул окуяга өтө чоң маани берип даярданып жатабыз. Кайсы бир деңгээлде бул жолугушуу ортобуздагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерге кошумча импульс бере турган жаңы чек болот деп эсептейбиз. [Казакстан менен Орусия ортосунда] дүйнө жүзүндөгү эң узун — 7591 километрлик мамлекеттик чек ара тилкеси жатат. Деги эле биздин өлкөлөр ортосунда калыптанган мамилелер Казакстан менен Орусия түбөлүк союздукка, стратегиялык өнөктөштүккө, достукка, сөздүн жакшы маанисинде айта турган болсок, байланган экенин көрсөтүп турат", — деген эле Токаев өткөн айда Душанбеде өткөн саммит алкагында Путин менен жолугушуусу учурунда.

Ошондон бери Токаев менен Путин эки жолу телефон аркылуу байланышышты. Расмий телеканалдар алар пландалып жаткан сапарга даярдануунун "айрым аспектилерин" талкуулаганын кабарлашты. Ал эми жыл башынан бери эсептей турган болсок, Казакстан менен Орусиянын президенттери телефондон кеминде тогуз жолу сүйлөштү.

Адам укуктары маселеси

Саммитти утурлай башкы кеңсеси АКШда жайгашкан эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Борбор Азия аймагында репрессия, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана бийликке ачык сын айткандарга басым-кысым күчөп жатканын айтып чыккан. Уюм аймактан жарандык активисттер жана оппозиционерлер кыйноого, ырайымсыз мамилеге, негизсиз кармоого кабылып, жарандардын өз пикирин ачык билдирүү укугу кыйла чектелип, журналисттер кесиптик милдетин аткарууда куугунтукка кабылып, коррупция кеңири жайылып турганы жөнүндө кабарлар келип жатканын АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасына таянып маалымдаган.

HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон алдыдагы саммиттин катышуучуларын негизги көңүлдү адам укуктарынын сакталышы боюнча маселеге бурууга чакырды.

Бирок айрым байкоочулар мындай чакырыкка кимдир-бирөө көңүл бурары күмөн деп эсептешет.

— Мен Трамптын администрациясынын биздин аймактагы адам укуктары боюнча маселеде позициясы алсыраган деп айткым келет. Артыкчылыктар жагынан алып карай турган болсок, бул маселе арткы планга буга чейинки президенттин тушунда эле жылдырыла баштаган болчу. Азыр мындай маанай ого бетер күчөдү. Трамптын администрациясы Орусиянын тынымсыз агрессиясына каршы күрөшүп келе жаткан Украинага кеңири масштабдуу жардамды кайрадан уланта баштаса буга деле мейли дейт элек. Бул согуш кандай болуп аяктайт, глобалдык жактан да, Борбор Азиядагы саясий климатка, анын ичинде адам укуктарынын абалына да таасири өтө чоң болот, — дейт Алишер Илхамов.

Эрика Мараттын пикиринде, бул жолу саммитте адам укуктары турсун, Байдендин администрациясы тушунда көтөрүлүп келген жалпы эле демократия, климаттык өзгөрүүлөр маселелери да козголбойт деле:

— Байдендин тушунда Борбор Азиядагы энергетикалык коопсуздук жана энергиянын башка да булактары сыяктуу маселелери талкууланчу. Азыр акцент кайсы бир конкреттүү экономикалык жана ресурстук кызыкчылыктар жагына оойт окшойт. Ал эми Украинадагы согуш тууралуу айта турган болсок, кандайдыр бир деталдуу талкууга үмүттөнүп болбойт деле. Бирок, балким, Трамп Орусия Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу санкциялардан айланып өтүп жатканы тууралуу маселени козгошу жана бул жаатта, айрыкча энергетика, аскердик тармак жана стратегиялык технологиялар боюнча басымды күчөтүшү мүмкүн.

Аймактагы лидерлер Вашингтонго чакыруу алардан бир аз мурдараак америкалык Конгресстин мүчөлөрү Трампты быйыл С5+1 форматында саммит өткөрүүгө чакырышкан. Республикачы Патрик Хейзенга жана демократ Сидни Кай Камлагер-Дав президентке кат жазып, С5+1 платформасынын 10 жылдыгы АКШга Борбор Азия менен кызматташтыкты тереңдетүүгө, "аймактагы коопсуздук жаатындагы кызматташтык, экономикалык байланыштар, "жумшак күч" жана натыйжалуу башкаруу сыяктуу стратегиялык максаттарды илгерилетүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк ачып берерин белгилешкен.

Адам укуктары темасын президентке кайрылган конгрессмендер ачык козгошкон эмес, бирок "АКШ каржылаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин каттоо проблемасын чечүүгө" болгон үмүтүн билдиришкен.

Аккредитация алуу маселесине азыркы тапта "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун казак кызматы "Азаттык" жана тажик кызматы "Озоди" туш болуп турушат. Казакстанда каттоодон өтүү маселеси сотко чейин жетип, ага жоопкер тарап катары катышып жаткан Тышкы иштер министрлиги радионун бул өлкөдөгү өкүлчүлүгүн мыйзам бузууга айыптаган, журналисттердин жактоочулары мындай айыптоону четке кагышкан. Эл аралык уюмдар Астанага да, Душанбеге да "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кызматкерлерине бул өлкөлөрдө тоскоолдуксуз иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү чакырыгы менен бир нече жолу кайрылышкан эле.