Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга катышуу ниетин билдирген 34 жарандын арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, алардын айрымдары шайлоо күрөөсүн толук төккөн эмес жана шайлоо фондун мыйзам талап кылган мөөнөткө чейин түзүүгө жетише алган жок.
БШКнын маалыматында кээ бир жарандарга шайлоого катышууга "Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык уруксат берилбегени айтылды. Анда "эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга) же куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же мурда турган болсо, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналары" жазылган.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 30-октябь, саат 18:00дө аяктаган. Жалпысы 589 адам шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берген. Алардын 365и эркек, 224ү аял.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн.
Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял же эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (ZKo)
Шерине