Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Литва менен Беларустун чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иши убактылуу токтотулганын маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы 7-ноябрда кабарлагандай, Литва өкмөтү 29-октябрдан 30-ноябрга чейинки аралыкта Беларус менен чек арасындагы "Мядининкай" жана "Шальчининкай" аттуу эки чек ара бекетинин ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.
Чечимге ылайык, "Мядининкай" бекетинен өтүүгө дипломатиялык кызматкерлер жана дипломатиялык почта жеткирип бараткандар, Калининград шаарына транзит менен бараткан же Калининграддан келе жаткан адамдар, Литванын жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандарына уруксат берилет. Мындан тышкары аталган чек ара бекетинен Литвада убактылуу жашоого уруксаты жана гуманитардык визасы бар чет өлкөлүк жарандар Литвага кайтып кире алышат.
ТИМдин маалыматына караганда, бул чектөөлөрдөн улам Беларуска кирүүгө аракет кылган чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар.
Буга байланыштуу министрлик кыргызстандык жарандарга чектөөлөрдү эске алып, Литвадан чыгып кетүүнүн башка жолдорун алдын ала караштырууну сунуштоодо. Ошондой эле жарандардан уруксатсыз нааразылык акцияларына жана башка нааразылык иш-чараларга катышуудан алыс болууга чакырды.
ТИМ Литвадагы кыргызстандыктар консулдук колдоого муктаж болсо байланышууга мүмкүн болгон телефон номурларды жарыялады. Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти +996 999 312 002; Кыргызстандын Беларустагы элчилиги: +375 25 904 54 10.(ZKo)
ТИМ жарандарга Литва-Беларус чек арасы убактылуу жабылганын эскертти
Шерине